Көптүк

Википедия дан

Көптүк – математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири; бир бүтүн нерсе катары каралуучу кандайдыр бир түрдүү объектилердин же элементтердин жыйнагы. Жаратылыштагы каалаган объектилер Көптүк боло алат. Мисалы, шаар калкы, үйлөр, тегиздиктеги чекиттер, чарбактагы бак-дарактар ж. б. сандан турган Көптүк – сан Көптүгү деп аталат. Эгерде Көптүктүн элементтерин саноого мүмкүн болсо, ал {a, b,...} Көптүк менен белгиленет. Эки Көптүктүн (А, В) жок дегенде бирине тиешелүү болгон бардык элементтерден турган Көптүк Көптүктөрдүн биригүүсү (С) деп аталып, С=АʊВ деп белгиленет. Көптүктөрдүн кесилиши – бир эле мезгилде А көптүгүнө да жана В көптүгүнө да тиешелүү болгон элементтерден турган (С) көптүгү жана С=АΩВ түрүндө белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]