Көптүктөр теориясы

Википедия дан

Көптүктөр теориясы– философиядагы чексиздик проблемасын так каражаттар менен изилдеп үйрөтүүчү математиканын бөлүмү. Г. Кантор (1845–1918) тарабынан негизделген.

Көптүктөр теориясынын предмети көптүктөрдүн (жыйындылар, класстар, аксиомалар) касиеттери болуп саналат. Көптүктөр теориясынын фундаменталдык жобосу чексиздиктин ар түрдүү «иретке» келтирүүгө кызмат кылат. Классикалык Көптүктөр теориясы чектүү мейкиндигиндеги логиканын, талашсыз принциптерин логикалык чексиз көптүккө колдонуу мүмкүнчүлүгүн таануудан келип чыгат. 20-кылымдын башында Көптүктөр т-нын өнүгүшү менен формалдуу логиканын мыйзамдарын чексиз көптүккө колдонууга байланыштуу кыйынчылыктар келип чыккан. Буга байланыштуу математикалык таанып билүүнүн гносеологиялык маанилүү маселеси: математкалык түшүнүктөрдүн табияты, алардын реалдуу дүйнөгө математикалык бар болуу түшүнүгүнүн конкреттүү мазмуну ж. б. жөнүндө маселе коюлду. Талаш-тартыштардын жүрүшүндө математиканын философиясында формализм, интуиционизм, логицизм, конструктивдүү багыт сыяктуу агымдар пайда болду. К. т-нын методдору азыркы математиканын бардык тармагында кеңири колдонулат. Математиканы логикалык каражаттарга негиздөөнүн бардык маселелери К. т. негиздөө маселесине келип такалат. Бирок, К. т-нын өзүн негиздөөдө азыркы учурда да жоюла элек бөгөттөр бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]