Көпшөк бетон

Википедия дан

Көпшөк бетон, көпшөк куйма таш – көптүрүлгөн, илээшкек суюктук жана кремнезём сымал компоненттин аралашмасын катыруу менен алынган жеңил бетон. Илээшкек зат катары портландцемент алынат. Ал жука майдаланган клинкер, гипс жана активдүү кошундулардан даярдалат. Цемент кошулбай даярдалуучу Көпшөк бетонго акиташ колдонулат. Кремнезём компонентин колдонуу (негизинен кум) илээшкек материалды үнөмдөйт жана Көпшөк бетондун наркын төмөндөтөт. Көпшөк бетон алынуу ыкмасына жараша газ бетон жана көбүк бетонго бөлүнөт. Газ бетон имараттарды жылуулоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]