Көп бөлүкчөлөрдүн кванттык теориясы

Википедия дан

Көп бөлүкчөлөрдүн кванттык теориясы – кванттык теориянын үч жана андан көп бөлүкчөдөн турган системаны изилдөөгө арналган теориясы. Кванттык механикада N бөлүкчөдөн турган система бардык бөлүкчөлөрдүн координаталарына жана ар бир бөлүкчөнүн абалын берүүгө зарыл болгон башка бардык чоңдуктарга көз каранды толкун функциясынын жардамы менен жазылат. Эгер мындай система чоң системанын бөлүгү болсо, анда аны жазуу тыгыздык матрицасынын жардамы менен жүргүзүлөт. Кванттык жана классикалык теорияда көп нерселердин маселесин так чечүү кыйла кыйынчылыктарды туудурат. Ошондой болсо да Паули принциби боюнча симметриянын жалпы касиеттерин көргөзүүгө болот. Жарым бүтүн спиндүү кандайдыр бир сандагы бирдей бөлүкчөлөрдөн турган системалар (фермиондор) үчүн толкун функциясы антисимметриялуу, б. а. эки бөлүкчөнүн өзгөрмөлөрүнүн ордун алмаштырганда, анын белгиси карама-каршыга өзгөрөт. Бүтүн спиндүү системалар (бозондор) үчүн мындай орун которуштурууда толкундук функциянын белгиси өзгөрбөйт, б. а. толкундук функция симметриялуу болот. Фермиондор менен бозондор симметриясынын касиеттеринин айырмасы бул эки типтеги бөлүкчөлөрдөн турган системалардын мүнөздөрүнүн сапаттык айырмачылыгын аныктайт, мисалы, алардын абалдар боюнча бөлүштүрүлүшү Бозе-Эйнштейн статистикасына (бозондор үчүн) жана Ферми – Дирак статистикасына (фермиондор үчүн) баш иет. Көп бөлүкчөлөр маселесин чечүүдөгү жакындаштырылган ыкмалар талаанын кванттык теория кеңири колдонулгандан тартып кыйла натыйжага ээ болду. Мисалы, катуу нерсенин нөлдүк абс. темпретурадагы энергиясы минималдуу болгондуктан, ал вакуумдук абалда жайгашат. Катуу заттын дүүлүгүүсүн (мисалы, ысытканда), элементардык дүүлүгүүлөрүнүн ар бир энергияга, импульска жана спинге ээ болгон кванттардын пайда болушу катары караса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]