Көп жактуу келишимдер

Википедия дан

Көп жактуу келишимдер - Келишимдин классикалык формасы - эки тараптуу келишимдер.

Бирок азыркы учурда дүйнөлүк саясаттын эл аралык деңгээлге чыгышы, технологиянын өнүгүүсү жана соода-сатык тармагында байланыштын барган сайын артуусу, дипломатиялык жана укуктук иш- аракеттердин көбөйүүсү көп жактуу келишимдердин түзүлүшүнө түрткү болгон. Көптөгөн мамлекеттердин ортосундагы түзүлгөн бул түрдөгү документ көп жактуу болуп саналат. Мурдагы убактарда негизинен, тынчтык конвенциялары көп жактуу болчу.

Азыркы учурда коргоо келишимдери, экономика жаатында кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдер, техникалык макулдашуулар көп жактуу болууда. Мисалы, БУУнун Мыйзамы, НАТО жана Варшава пактысы, 1963-жылы Москвада бекитилген Атом Бомбасын сыноого тыюу салган Конвенция, 1967-жылы Тлателолкодо бекитилген Латын Америкасындагы атомдук курал-жарактардын тазалануусу жөнүндөгү Келишим, 1968-жылы Атомдук курал-жарактардын жайылышын токтотууга багытталган Конвенция бул тармакта жүргүзүлгөн маанилүү иш-чаралардан болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9