Көп жылдык муз
Көрүнүш
Көп жылдык муз – океандын уюлдук кеңдиктеринде эки жылдан ашык сакталган деңиз музу. Калыңдыгы 3 мдей. Тузсуз, нык келип, үстүнкү бети күдүрлүү, кар жатпаган жерлери көгүш түстө. Жай мезгилинде муздун үстүндө кар бүртүкчөлөрү пайда болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9