Көп кызматтуу (функциялуу) түзүлүш

Википедия дан

Көп кызматтуу (функциялуу) түзүлүш (англ. Multifunctional device - Многофункциональные устройства). Көп кызматтуу түзүлүштөр – басып чыгаруу, кароо, көчүрүү жана факстын милдеттерин аткарган жабдууларды бириктирген өзүнчө түзүлүш. Мындай түзүлүштүн эки артыкчылыгы бар: ал аз орун ээлейт жана баасы ушул иштерди аткарган түзүлүштөрдүн топтолгондогу баасынан төмөн болот. Көп кызматтуу түзүлүштөрдүн көпчүлүгү принтерге негизделген, себеби принтерлер турмушта көп колдонулат. Алар лазердик же агым техноложисине негизделишет. Басып чыгаруу ылдамдыгы автономдуу принтерлердикиндей эле болот. Экинчи маанилүү элементи болуп, көчүрмө алуу мүмкүнчүлүгү эсептелет. Алгачкы түзүлүштөрдө дүймгө 200 чекит чечилүүсү туура келген. Мындай чечилүү текстти иштетүүдө жетиштүү, бирок көпчүлүк графиктин маалыматтарды иштетүүгө жетишсиз. Акыркы моделдерде чечилүү мүмкүнчүлүгү жогорулады жана сапаты автономдуу көчүргүчтөр менен салыштырмалуу болуп калды. Түзүлүштүн скандоо менен көчүрүү элементтери документтин сүрөттөлүшүн алууда бирдей компоненттерди (түзүүчүлөрдү) колдонушат. Кийинки учурда скандоочу түзүлүштөрдү колдонуу бир кыйла өстү, себеби, үстөл басма каражаттары башка иштерде көп колдонулууда. Көп кызматтуу түзүлүштөрдүн кемчилиги, эгерде прибор иштен чыгып калса, анда ал аткарган төрт милдеттин баардыгы иштебей калат. Бирок жогоруда айтылган артыкчылыктары колдонуучуну тобокел салууга алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3