Көп маселелүү приоритеттүү режим

Википедия дан

Көп маселелүү приоритеттүү режим (англ. Priority multitasking - Многозадачный приоритетный режим). Ал режимде иштетүү системи аткарыла турган процесстерди приоритеттерине жараша жайгаштырат жана ар бирин аткарууга борбордук процессордон тиешелүү убакыт бөлүштүрөт. Баскычтоп тактасынан киргизүү же чычканды кыймылдатуу процесстерге маалыматтарды принтерге чыгаруу сыяктуу процесстерине караганда жогорку приоритет берилет. БП аткарылышты күтүп турган процессти карап чыгып миллисекунддун ар бир үлүшүндө приоритети жогору болгон процессти тандап алат. Тандалган процессти БПда аткартуу үчүн иштетүү системи тарабынан бир же андан көп үлүш бекитилет, ал убакыт интервалы деп аталат. Процессор белгиленген ишти аткарууну аяктаганда же белгиленген убакыт интервалы бүткөндө, андан кийинки эң жогорку приоритеттүү процессти аткарат. Эгерде эки же андан көп процесс бирдей приоритетте болуп калса, анда БП мурдагы жолу аз иштеген процессти аткарат. Ошентип, ар бир процесс убакыттын тиешелүү интервалында аткарылат. Айрым көп маселелүү иштетүү системдери көп агымдуу режимди колдойт, ал айрым алынган програм ичинде көп маселелүү режим болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3