Көп түспөлдүүлүк

Википедия дан

Көп түспөлдүүлүк – чекити жок өзгөчө сызык жана бет түшүнүгүн ченөөдө каалаган санда тактоочу жана жалпылоочу математикалык түшүнүк. Жалпысынан Көп түспөлдүүлүктү сызыктуу мейкиндиктер менен теңдештирүүгө болбойт. Анда нөлдүк элемент жок жана элементтерин кошуу, санга көбөйтүү амалдары аныкталган эмес. Айлана менен сфера – Көп түспөлдүүлүккө эң жөнөкөй мисал. Алар түз сызык жана тегиздиктен кескин айырмаланат. Айлана менен сферанын каалагандай чекиттеринин эң кичине бөлүгүн түз сызык жана тегиздик катары кароого болот. Көп түспөлдүүлүк илимдин башка тармактарында да кездешет. Мисалы, космологияда аалам түзүлүшүн изилдөөдө 4 өлчөмдүү мейкиндик, механикада фазалык мейкиндик, динамикалык системаларда геометриялык өзгөртүүлөр тобу катары каралат. Көп түспөлдүүлүк ар түрдүү жолдор менен аныкталат же баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]