Көп үйлүү өсүмдүктөр

Википедия дан

Көп үйлүү өсүмдүктөр, полигамдар – гүлү айрым жыныстуу, ошондой эле эки жыныстуу өсүмдүктөр. Бир эле өсүмдүктө эки жыныстуу гүлү жана аталык гүлү бар өсүмдүктөр – андромонэция (мисалы, марал кулак); эки жыныстуу гүлү жана энелик гүлү бары – гимономеция (мисалы, чайыр гүл жана көпчүлүк татаал гүлдүүлөр), ошондой эле эки жыныстуу гүл, ошону менен катар энелик жана аталык гүлдөрү – тримонэция (мисалы, кадимки жылкы жаңгак) болот. Полигамдуулук өсүмдүктө төмөнкү мүнөздө да кездешет: өсүмдүктүн бир особунда эки жыныстуу гүлү, экинчисинде аталык гүлү (андродиэция) же энелик гүлү (гинодиэция; мисалы, бото көз, көпчүлүк эрин гүлдүүлөр), ошондой эле эки жыныстуу, аталык жана энелик гүлдөр ар башка өсүмдүктө (триэция; мисалы, жүзүмдө, ак чечекте) болот. Өсүмдүктүн көп үйлүүлүгү кайчылаш чаңдашууга түрткү берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]