Көрксүз

Википедия дан

Көрксүз (орус. Безобразный) – эстетикалык категория, сулуулуктун антитезиси (тескери мааниси) катары пайдаланылат. Болмуштун терс маанилеринин чогултмасы.

Байыркы грек метафизикасында болмуштун жоктугу, жамандык түшүнүгүнө жакын болгон. Орто кылымдагы христиан маданиятында көрксүз эки мааниге ээ болгон:
1. Ааламдын жашоосунун күнөөлүүлүгүн далилдеген.
2. Кудайды таануу мүмкүн эместигин түшүндүргөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8