Көркөм искусство тарыхы
Көркөм искусство тарыхы – көркөм сүрөт искусствосунун анын пайда болуш мезгилинен биздин күндөргө чейинки өнүгүү процессин сүрөтчүнү чыгармачылык жолуна баа берүү менен жана көркөм чыгармаларды талдоонун негизинде окуп үйрөнүүчү көркөм искусство таанып билүү илиминин бир бөлүмү, к. Көркөм искусство макаласын. Көркөм искусство тарыхын изилдөө деги эле көркөм искусство өнүгүүсүнүн айрым мезгилдерин (мисалы, Кайра жаралуу доорунун көркөм искусство тарыхы, совет көркөм искусство тарыхы), элдерди (орус көркөм искусство тарыхы), түрлөрдү (скульпторлук, живопись тарыхтары), жанрларды (пейзаж, портрет тарыхтары) баяндап көрсөтөт. Бардык мезгилдердеги жана бардык элдердин көркөм искусствосун баяндап жазуу жалпы К. и. т. деп аталат. Көп убакыт бою К. и. т. айрым сүрөтчүлөрдүн өмүр баянын сүрөттөөгө же чыгармалар тизмесин түзүүгө андан сырткы формалдуу классификацияларга бөлүштүрүү аркылуу калыптанган. XVIII кылымдын аягында, айрыкча XIX–XX кылымдарда К. и. т-н окуп үйрөнүүдө чет өлкөлөрдө да жана биздин өлкөдө да алгылыктуу жетишкендиктер жасалды. Көркөм искусствонун айрым мезгилдеринде (Байыркы Египет көркөм искусствосу, Орто к., антик доору, Кайра жаралуу доору жана башкалар) алгылыктуу археологиялык ачылыштар жасалган, мурунку сүрөтчү-чеберлердин көптөгөн чыгармалары табылган жана кимге таандык экени далилденген, көптөгөн жаңы ысымдар белгилүү болгон, бир эле учурда баалуу жалпылагыч эмгектер жаралган. Алар айрым өлкөлөрдүн көркөм искусствосун, мезгилдерин жана элдерин кандай баяндап берсе, так эле ошондой дүйнөлүк көркөм искусствону жалпы жонунан сүрөттөгөн. Азыркы мезгилдеги реакциячыл буржуазиялык көркөм искусство илими көркөм искусствонун идеялык мазмунун четке кагуу менен анын таанып-билүү негизин жокко чыгарат, көркөм искусствону өз мезгилиндеги социалдык күрөштөн четтетет, К. и. т-н бузат, аны бурмалайт, андагы бардык прогрессивдүү нерселерди жокко чыгарат, бүткүл антиреалисттик нерселерди бийик көрсөтөт. Советтик тарыхчылар өз иштеринде көркөм мурасты пайдалануу тууралуу лениндик окууну, ага аяр мамиле кылууну, аны чыгармачылык жана сын-пикир менен өздөштүрүүнү жетекчиликке алышкан. Совет өлкөсүндө К. и. т-н окуп үйрөнүүнү көп сандаган айрым илимпоздор жүргүзбөстөн, атайын илимий мекемелер СССР Көркөм Академиясынын көркөм сүрөт искусствосунун теориясы жана тарыхы институту, СССР Илимдер Академиясынын көркөм искусство тарыхы институту, өлкөнүн бардык ири көркөм музейлери (Эрмитаж, Ленинграддагы мамлекеттик Орус музейи, мамлекеттик Третьяков галереясы, Пушкин атындагы көркөм сүрөт искусство мамлекеттик музейи жана Москвадагы Чыгыш маданияты музейи, республикалык, облусу көркөм сүрөт музейлери) да жүргүзүшкөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004