Көрпө

Википедия дан

Көрпө - козу териси. Көрпөлүк козу туулгандын алгачкы күндөрү эле союлат. Жүнүнүн тармалы ар кыл формада жана түстө болот. Көрпө тобуна каракүл (көрпө породанын ичинен негизги орунду ээлейт) козулары кирет. Ошондой эле сокол, решетил, малич сыяктуу да породалар белгилүү. Көгүш жана күрөң каракүл көрпөсү эң баалуу болуп эсептелет. Өзгөчө, Иранда өстүрүлүүчү ширваз (ширваз) коюнун (куйруктуу койлор) көрпөсү кеңири маалым. Көрпө кургак же чылама туз менен ашатылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]