Көрүшүү ырлары
Көрүнүш
Көрүшүү ырлары – элдик оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын түрү. Мындай ырларды күйөөгө бараткан кыздын апасы, жеңелери, эжесиңдилери ырдашкан. Анда кызга бакыт тилеп, бала-чакалуу, ырыс-кешиктүү жар болушун каалаган ойлор, ошондой эле куда-кудагыйларга кыздын аманат өмүрү, кийинки тарбиясы табышталган, аларга адамдын тагдыры өткөрүлүп берилгени билдирилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9