Мазмунга өтүү

Көрүү талаасы

Википедия дан

Көрүү талаасы – оптикалык системанын мейкиндиктин (тегиздиктин) бөлүгүн сүрөттөө аймагы.

Көрүү талаасы оптикалык куралдардын жарыкты чектөөчү бөлүктөрүнүн (диафрагма, линза менен призмалардын алкактарынын) контурлары менен аныкталат. Көрүү талаасынын чоңдугу көздүн карегинин А борборунан эң кичине бурч аркылуу көрүнгөн S1 S2 контуру менен аныкталат (бул контур кирүүчү люк деп аталат).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]