Көр байге

Википедия дан

Көр байге - сөөктү коюп келгенден кийин ошол эле күнү уюштурула турган ат чабыш. Бул салтты Ф.А.Фиельструп 20-к. башында Ош аймагынан жыйнаган этнографиялык материалдарында эскерет. Байгеге ат чабыш мурда көзү өткөндөрдү эскерүү аштарында гана өткөрүлгөн жана анын башаты ритуалдык мүнөзгө ээ болгон. Байгеге көзү өткөн кишиге тиешелүү буюмдар сайылган. Алгачкы коомдо өлгөн кишинин буюмдарын жок кылуу, маркум менен кошо көмүү салты болгон. Кийинчерээк алар үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан мурастала баштаган. Кыргыздардын байгеге саюусу мурастоого чейинки өтмө учурлардын бири катары сакталып калышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]