Көчкой

Википедия дан

Көчкой - күйөө баланын айылынын көчү колуктусунун айылы аркылуу өткөндө колукту тарап көчкөндөрдөн талап кылуучу мал. Көчкойду колуктунун айылдаштары өздөрү кармап алышкан. Эгер алар кармаган мал өтө баалуу эсептелсе, анда күйөө баланын атасы тайга алмаштырып берген жана ал үчүн ага кийит кийгизишкен. Көчкой алган колуктунун атасы кой союп, айылын чакырып, элин сыйлаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]