Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу

Википедия дан

Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу – Совет бийлиги орногондон кийин жүргүзүлгөн коомдук саясий ишчара. Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу ошондой Кыргызстанда да жүргүзүлгөн. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Кыргызстандагы 160 миң дыйкан чарбасынын 80% ке жакыны көчмөн жана жарым көчмөн болгон. Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу маселеси ВКП(б) Кыргыз обкомунун пленумунда (1931-жылы 1–4-февраль) жана Кыргыз АССР Советтеринин 3-съездинде (1931-жылы 6–12-февраль) атайын каралган. 1931-жылы 3-апрелде Кыргызстан Эл комиссарлар советинин алдында Көчмөн чарбалар ошондой боюнча республикалык, 17-декабрда райондук комитеттер түзүлгөн.
Айыл кыштактарда ушул маселеге арналган жыйналыштар жана слёттор өткөрүлгөн. Көчмөн элди отурукташтырууга көрсөтүлгөн каршылыктарга карабастан, 1931–37-жылдары жарым милиондон ашык көчмөн калк отурукташып, коллективдүү чарбаларга айланган. Совет өкмөтү отурукташкандарга турак үйлөрдү, чарбалык, өндүрүш үчүн жайларды, маданий, агартуу, медицина мекемелерди, соода коомдук имараттарды жана башкаларды куруп берген. Отурукташкандар колхозго өтүп, коомдук саясий турмушка активдүү катыша баштаган.








Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев.