Көчмө топ

Википедия дан

Көчмө топ - кенен аянтчада топ менен ойнолуучу балдардын оюну. Алгач, көп балдар эки топко бөлүнүшөт. Андан соң таяк кармашып кайсы бөлүктүн өкүлү анын эң учун кармап калса жана топ менен үч жолу урганда тутумдап турган таягын колунан чыгарып жибербесе, оюнчу баштап топту чабуу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардан бирөө топ салып берип турат. Калгандары чабылган топту берилген чекте качып бара жаткан же келе жаткан балдарды топ менен урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бараткан баланы урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңгендиги аныкталат. Эгерде бир тарапта ойногон балдардын баары тең топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы четке барып келген бала жок болсо, ал тарап утулган болот, экинчи тарап топ чабууга келет. Биринчи тарап топ салып берип, топ тосууга бириндеп кетет. Ошентип, балдардын арасында оюн улана берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]