Көчөт

Википедия дан

Бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши. Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө мүмкүн. Чыгаан саймачылар, өрмөкчүлөр, килемчилер, чырмакчылар мунун ички сырларын мыкты чечмелей алышат. Көркөм көчөттөрдө жашоо-турмуш, кесипчилик, жаратылыш жана айбанаттар дүйнөсү элестелип турат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)