Көңүл-кейп

Википедия дан

Көңүл-кейп (орус. Настроение) – адамдын айлана чөйрөсүндөгү болмушту туюнуусунун туташкан формасы, аны жеке туюулардын абалы, санаалары, көңүл–кейпинин куунашы.

Адам көңүлүндө өзүнчө бир, «симптомикалык» формада тереңдеги туюндурулушун табат жана жеке өзүнүн жашоого мамилесин ишке ашырат, инсандык талаптарын турмуштук кырдаалдарга ылайык келтирүү жолу. Көңүл чөйрөсү бир тектүү эмес, адамдын баштан кечирип жаткан жалпы турмуштук «тонусунан» («көтөрүлгөн» же «чөккөн») ажыратылбастан турмушту сезип-туюу формаларында ушунчалык даана туюндурулган.
Мисалы: зеригүү, көңүлсүздүк, кайгы, муң, капалык, сарсанаа, сарубайым, коркуу, аргасы кетүү сыяктуу же, кумарлануу, шаттануу, сүйүнүү, үмүт, чери жазылуу, көңүлү сергүү ж. б. Адамдын бүткүл көңүл кейпинде жана ишмердигинин жалпы маанилик контекстинде жүрүп, көңүл-кейп ичтен гана өтүп, инсандын бүткүл баштан кечиргендери менен жасагандарын аныктайт.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8