Көөкөрчөктөр

Википедия дан

Көөкөрчөктөр (Batoidea) – эбелек бакалоордуу балыктардын чоң түркүмү. Денеси жалпак, жазы, диск же ромб сымал, узундугу бир нече смден 6-7 мге , салмагы 2,5 7га жетет. Териси жылаңач же тикендүү. Денесинин курсак жагында 5 бакалоор жылчыгы орун алган. Көкүрөк сүзгүчтөрү башынан тартып тулкусунун капталында жайгашкан. Жон сүзгүчтөрү куйругунда (айрымдарыныкы жок). Көп учурда куйрук сүзгүчтөрү жок. Бири бирине тыгыз кыналып жайгашкан жумуру тиштери күчтүү. Көөкөрчөктөрдүн 14 тукуму, 50гө жакын уруусу жана 350 түрү белгилүү. Суу түбүндө, айрымдары (шиш куйрук сымалдар) суунун тереңинде, ошондой эле бардык океандын тайыз жеринен тартып, 2700 м тереңдикке чейин, кээси тропик дарыяларында (Амозонка алабында ж. б.) кездешет. Бентофаг жана жырткычтар. Жумуртка же тирүү тууйт, ромбоскат сымалдар гана мүйүз капсуладагы чоң жумурткаларын суу түбүнө таштайт. Гнюс сымалдардын капталында электр органдары жайгашкан, шиш куйрук Көөкөрчөктөрдүн куйругу ичке, узун, тикендүү болуп, түбүндө уулуу бездери бар. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн деңиздеринде 10 түрү белгилүү. Алар Кара, Азов, Түндүк жана Ыраакы Чыгыш деңиздеринде, шиш куйруктуулар Кара, Азов жана Япон деңиздериңде таралган. Балык чарбасы үчүн маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]