Көөнөргөн сөздөр

Википедия дан

Көөнөргөн сөздөр - жашоо турмушта, маданият менен илимде, техника, саясат менен идеологияда, адамдардын жашоого болгон көз карашында дайыма кыймыл болуп турары белгилүү.

Мына ушундай өнүгүү, өзгөрүү учурунда кайсы бир реалдуу заттар, анын айрым бир варианттары колдонуудан чыгып же өркүндөтүлүүгө дуушар болот. Бул тилге да өз таасирин тийгизип, сөздөрдүн колдонуудан чыгып калышына же тескерисинче, жаңы сөздөрдүн, жаңы маанилердин пайда болушуна алып келет. Колдонуудан чыгып калган сөздөр, жалпы жонунан, Көөнөргөн сөздөр деп аталат.

Көөнөргөн сөздөрдүн маанилери көбүнчө тектеш тилдердеги жана диалектилердеги фактылар аркылуу аныкталат. Ошондой эле алардын айрымдары өз алдынча колдонулбастан, туруктуу сөз айкалышынын бир түгөйү катары колдонулуп калгандыгын көрөбүз. Лексикалык составдын байышына караганда анын көөнөрүшү жайыраак болот. Анткени эл арасында кеңири колдонулуп жүргөн сөздөрдү тилден дароо эле сүрүп таштоого болбойт. Ошондуктан Көөнөргөн сөздөр оозеки кепте, чыгармаларда көпкө чейин жашай берет. Сөздөр көөнөрүү жагдайы боюнча бири-биринен айырмаланып турат, ошондуктан аларды тарыхый сөздөр (историзмдер) жана архаизмдер деп экиге бөлүп кароого туура келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4