К-мезондор
К-мезондор, каондор — спини нөлгө, массасы 970 электрондун массасына барабар элементардык бөлүкчөлөр тобу. Бул топко заряддалган эки (К+,К-) (энергетикалык масса бирдиги К+-493,7 МэВ, К0-497,7 МэВко барабар), эки туруксуз (К0, Failed to parse (синтаксистик ката): {\displaystyle \acute{К}} 0) К-мезондор жана антибөлүкчөлөр (К+ жана К-) кирет; Алар өз ара күчтүү аракеттенгич, башкача айтканда адрондор деп аталат. К-мезондор биринчи жолу космос нурларынын курамында байкалып (1947-51), кийинчерээк (1954) заряддуу бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтарынын жардамы менен алынган. Заряддуу К-мезондордун заряды электрондун зарядына барабар. Алар ажыраганда Failed to parse (синтаксистик ката): {\displaystyle \pi \mathit{жана}{\tau }^{\circ }} мезон, электрон, позитрон жана нейтрондор пайда болушу мүмкүн. К-мезондор нуклондордо жутулуп, сигма () -гипердондорду пайда кылат. К-мезондордун ачылышы элементардык бөлүкчөлөр жөнүндөгү түшүнүктү кеңейткен.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9