Кoнoк

Википедия дан
Кoнoк.

Кoнoк (лат. Panicum italicum L., syn. Setaria italica (L.) P. Beauvois) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк. Эгилме жана жапайы түрү бар. Сабагынын узундугу 50–100 см. Шыпыргы сымал (машакка окшош) топ гүлдүү, чачы тамырлуу. Машагынын кыска, жумшак кылкандары бар. Даны эллипс формасында, таруунукунан майдараак (100 данынын салм. 1,5–3,5 г), саргыч, кызгылт. Кургакчылыкка чыдамдуу, жылуу, кумдак, айрыкча кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Жапайы түрү Азия өлкөлөрүндө, эгилмеси КМШ өлкөлөрүндө – Украина, Түндүк Кавказ, Молдова, Казакстан, Батыш Сибирь, Борбордук Азияда өстүрүлөт. Морфол. жана биологиялык өзгөчөлүктөрүнө карата кайрак жерде өсүүчү накта Конок (тез бышат, кургакчылыкка чыдамдуу, анча бийик эмес) жана сугат өрөөндө өсүүчү ит Конок (кеч бышат, бийик өсөт) болуп айырмаланат. Конок тамак-ашка жана тоют катары пайдаланылат. Гүлдөгөнгө чейин чабылган көк бакалы аш болумдуу тоют, 100 кгында 17 тоют бирдиги, 1,8 кг сиңимдүү протеин, 7 г каротин болот. Гектарынан 100–250 ц көк бакал, 25–65 ц дан алынат. Даны тартылып, малга жем болот. Илдеттери: кара көсөө1ге1пп, жалбырак чүрүшү ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]