Лабораториялык иш

Википедия дан

Лабораториялык(тажрыйбалык) иш – окутууну уюштуруунун калыптарын бири. Мугалимдин тапшырмасы, атайын даярдалган көрсөтмө боюнча окуучулардын, куралдарды, техникалык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбаларды өткөрүшү.

Лабораториялык иш учурунда байкоо, анализ жана байкоо учурундагы маалыматтарды салыштыруу, корутундуларды жасоо жүргүзүлөт. Ой жүгүртүү, иш аракет менен айкалышат, окуучулар техникалык каражаттардын жардамы аркылуу окуп үйрөнүп жаткан заттарга жана материалдарга таасир этүү менен өздөрүн кызыктырган кубулуштарды, жараяндарды алышат. Акыл ишин физикалык иш аракет менен мындай айкалыштыруу таанып билүү жараянын продуктивдүүлүгүн жогорулатат.

Лабораториялык иш көрсөтмөлүүлүк планда өткөрүлөт, окуучулар өздөрүнүн тажрыйбаларында буга чейин мугалим көрсөткөн демонстрацияны, окуу китебинен алган билимдерин кайталап ишке ашырат, же изилдөөчүлүк планда, окуучулар өздөрү, алардын алдына коюлган таанып билүү тапшырмаларын алгач ирет аткарышат, тажрыйбалардын негизинде, илимде буга чейин белгилүү болгон жыйынтыктарга өз алдынча келишет.

Айрым учурда окуучулар изилдөөчүлүк иш жүргүзүшөт, (окуучунун эксперименти аркылуу) обьектилердин жана материалдардын буга чейин белгилүү болбогон, сыналбаган жактарын издеп табышат, технологиялык маселелерди чечүү менен кубулуштардын жаңы жагдайдагы байланыштарын табышат, иштин жүрүшүндөгү бузулуунун себептерин аныкташат.

Лабораториялык иш өткөрүүдө окуучулардын эксперименттик техникасын өздөштүрүүсү маанилүү. Окуучулар эң жөнөкөй куралдар менен иштөөнү үйрөнүшөт. Экспериментти аткаруу маданиятын, өлчөөчү куралдардын техникасын өздөштүрүшөт, шаймандарды, куралдарды мантаждоого үйрөнүшөт. Булардын бардыгынын учурдагы өндүрүштө иштөөгө даярдоодо чоң мааниси бар. Лабораториялык иш жекече аткарса болот, ошондой эле жупташуу менен же топтук түрдө аткарууга болот. Топтук аткарууда ар бир окуучунун иштин бөлүктөрүн аткаруу менен белгилүү билимди жана билгичтикти өздөштүрүүсү зарыл. Лабораториялык иш нускамасы оозеки же жазуу жүзүндө берилиши мүмкүн. Алгачкы мезгилде инструкция бөлүк бөлүгү менен берилет. Бара-бара окуучулар татаал нускамалар менен иштөөгө үйрөнүшөт.

Лабораториялык иш аткарууда окуучулар кубулуштар жана жараяндар боюнча алган маалыматтарды эсеп-кысаптарында график түрүндө берүүгө үйрөнүүсү маанилүү. Лабораториялык иш сабактын бир бөлүгү болушу мүмкүн. Лабораториялык иш өткөрүү окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн жогорулатат, практикалык билгичтик жана көнүмдөргө ээ болууга көмөктөшөт, окутууну турмушка жакындатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). -айбек.