Лавис

Википедия дан

Лавис (французча  lavis; «лявис» деп айтылат) – акватинта сыяктуу оттискте жебилге (тушь, сепия, акварель жана башкалар) менен тартылган сүрөттү элестеткен, металлдагы тереңдетилген гравюранын аз колдонулган техникалык түрү. Л. техникасынын өзгөчөлүгү атайын жебилге менен же жабуу, бастыруу ыкмасы (к. Оюу макаласын) аркылуу, металлдын үстүңкү бетине тикелей кислотаны колдонуу эсептелет; ойдуруудагы айырмачылыктар оттисктеги түстүк градацияларга дал келет. Л. ыкмасы менен өтө аз сандагы оттисктерди алууга болот. Өз алдынча техника катары ал XVIII кылымда тараган, азыр оюлуп жасалган гравюранын башка түрлөрүндө түс берүү каражаты катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]