Лаврентьев Михаил Алексеевич

Википедия дан

Лаврентьев Михаил Алексеевич (6(19). 11.1900, Казан – 15. 10. 1980, Москва ; сөөгү Новосибирскиге коюлган) – орус математиги жана механиги. СССР ИАнын (1946) жана Украина ССР ИАнын (1939) академиги, Социалистик Эмгектин Баатыры (1967). СССР мамлекеттик (1946, 1949),Ленин сыйлыгынын (1958) лауреаты. Москва университетин бүткөн (1922). 1921-жылдан ЖОЖ-до окутуучу, профессор (1929), 1935-жылдан СССР ИАда, 1935–60-ж. В. А. Стеклов атындагы математика институтунда окутуучу, 1949–52-ж. Так механика жана эсептөө техникасы институтунун директору, 1950–53-, 1955– 57-ж. физика-математика бөлүмүндө академик-секретарь. 1957–75-ж. СССР ИАнын вице-президенти жана СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн председатели, Ал Сибирде жаңы ири илимий бирикме – СССР ИАнын Сибирь бөлүмүн түзүүнүн демилгечиси жана биринчи жетекчиси. Математикада көптүктөр теориясы, комплекстүү өзгөрмө функциянын жакындатылган теориясы, конформдук жана квазиконформдук чагылдыруу теориясы, дифференциалдык теңдеменин теориясы, механика жана башка боюнча көп илимий эмгеги бар. Чет өлкөлүк көптөгөн ИАлардын мүчөсү. Эл аралык математикалык союздун вице-президенти (1966–70), СССР Жогорку Советинин (5–9-шайланышынын) депутаты, Беш Ленин, башка 6 орден, ошондой эле чет өлкө ордендери, М. В. Ломоносов атындагы алтын медаль (1978) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7