Лавров Николай Петрович

Википедия дан

Лавров Николай Петрович (7. 1. 1948-ж. туулган, Ош облусу , Өзгөн району , Куршаб айылы) – техника илимдеринин доктору (1995), профессор (1998), КРдин билим берүүсүнүн отличниги, КРдин илимге эмгек сиңирген кызматкери (2007), РФ Суу чарба ИАнын чет элдик мүчөсү (2008). Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1971). 1973–98-ж. КАЧИде ассистент, доцент, КААда, КАУда профессор жана кафедра башчысы. 1986–89-ж. Мали Республикасынын Катибугу шаарында Политех. айыл чарба институтунда иштеген. 1998-жылдан КРСУда профессор Мелиорация жана гидротехникалык курулуштар боюнча адис. 160тан ашык илимий-методикалык эмгектердин, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китептин, 3 окуу куралынын, 27 патенттин автору. Анын автордук күбөлүгү боюнча 6 ирригациялык гидрокурулма ишке киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7