Лагаш

Википедия дан
Гудеа.

Лагаш – Шумердеги (азыркы Ирактын түштүк-чыгышы) байыркы мамлекет. 19-кылымдын аягында бул аймакта казуу иштери жүргүзүлүп, Э. де Сарзек жетектеген франциялык археолог экспедиция мамлекеттин маданий борбор шаары – Гирсунун (азыркы Телло), 20-кылымдын ортосунда америкалык археолог экспедиция (Т. Якобсен, Ф. Сафар) Лагаш (азыркы Эль-Хиба) шаарынын калдыгын тапкан. Биздин заманга чейин 5-миң жылдыктын аягында бул аймакта алгачкы кыштактар пайда болгон. Урайонанше династиясынын мезгилинде (биздин заманга чейин 26– 24-кылым) мамлекет гүлдөп, ага Лагаш, Гирсу, Нина жана башка байыркы шаарлар кирген. Урайонаншенин мурасчылары Эанатум жана Энтемен башкарган кезде мамлекеттин аймагы кеңейип, Шумердин кыйла бөлүгүн караткан. Бул мезгилге таандык сакталып калган көптөгөн жазуулар жана эстеликтер (таш рельефтер, анын ичинде «Айры куйрук стеласы» (биздин заманга чейин 25-кылым) Эанатумдун жеңиштеринин урматына арналган. Бау кудайынын чиркөөсүнөн табылган архивде Шумердин коомдук жана чарбалык мүнөзү жөнүндө маалыматтар чагылдырылган) Лагаш башкаруучуларынын жүргүзгөн социалдык реформалары жөнүндө баяндайт. Лагашты биздин заманга чейин 24-кылымда Аккад падышасы Байыркы Саргон басып алган. Гудеа башкарган учурда (биздин заманга чейин 22-кылым) кайрадан жогорулап, көптөгөн өлкө менен соода жүргүзгөн. Биздин заманга чейин 21-кылымдан Лагаш мамлекети өзүнүн саясий маанисин жогото баштаган, бирок парфия мезгилине (биздин заманга чейин 3-кылым) чейин өкүм сүргөн. Гирсу шаарынан табылган археологиялык эстеликтерди немис шумерологу А. Даймель, орус окумуштуулары В. В. Струве жана И. М. Дьяконов изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7