Лагос

Википедия дан
Лагос (2014).

Лагос шаарыНигериядагы порт шаар. Гвинея булуңунун жээгинде. Лагос штатынын административдик борбору. Калкы 10,0 млн (2009). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий ири борбору жана эң ири шаарларынын бири.

1914–60-ж. Нигериядагы англиялык ээликтин административдик жана 1960–92-ж. Нигериянын борбору болгон. Кафедралуу собор (1876–83), Читта мечити (1880) сакталган. Тамак-аш – татымал, текстиль, химия, кеме куруу жана ремонттоо, металл иштетүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. «Лагос» деп Нигерияга 15-кылымдын аягында келип отурукташкан португалиялыктар аташкан. Университет, ИИИлер (анын ичинде океанография жана деңиз, медицина жана башка), технологиялык коллеж, бизнес-мектеби, китепканалар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7