Лагранж теңдемелери

Википедия дан

Лагранж теңдемелери

1) гидромеханикада – чөйрө бөлүкчөлөрүнүн координаталары болгон Лагранж өзгөрмөлөрүндөгү суюктуктун (газдын) кыймылынын теңдемеси.1780-ж. Ж.Лагранж алган. Лагранж теңдемелеринен чөйрө бө-лүкчөлөрүнүн кыймыл закону координаттын убакытка карата көзкарандылыгы түрүндө аныкталат жана мындан бөлүкчөлөрдүн траекториясы, ылдамдыгы, ылдамдануусу табылат.

2) Жалпы механикада механикалык системанын кыймылын үйрөнүүдө колдонулуучу теңдемелер. Мында системанын абалын аныктоочу чоңдуктар үчүн жалпыланган координаталар деп аталган бири бирине көзкарандысыз параметрлер алынат. 1760-ж. Ж.Лагранж алган.

Динамиканын 2-законунан механикалык системанын кыймылынын мүнөздөмөлөрү табылат. Системага потенциалдык күчтөр гана таасир этсе, Лагранж теңдемелери физиканын башка тармактарына да колдонулуучу түргө келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]