Ладви, дөңсөө
Ладви (чехче Ládví) – Борбордук Европадагы Чехия мамлекетинин ордо шаары Праганын түндүк тарабындагы дөңсөө.
Кыскача таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ладви (чехче Ládví) дөңсөөсү деңиз деңгээлинен 357 метр бийиктикте жайгашкан.
Дөңсөө миллиондогон жылдар мурда ири мухиттин деңизинин бир аралынын чокусу болгон. Бул дөңсөө Прага шаарынын Прага-8 бөлүгүнүн Кобылисы ооданынын аймагында жайгашкан.
Ладви дөңсөөсүнүн айланасындагы токой «Дяблицки хай» (чехче - Ďáblický háj, «Шайтан чер токойу») деп аталат.
Бул токой суйулуп кеткенде, 18-кылымдан соң кайра кызыл карагай жана башка дарактар, 20-кылымдан тартып карагай жана эмен отургузула баштаган.
Ушул тапта токойдун аянты дээрлик 62 гектарды түзөт.
Дөңсөөнүн аймагы мамлекеттик көзөмөлдөгү жаратылыш паркы катары көз карегиндей сакталат.
Ладви дөңсөөсүнөн түштүгүрөөктө (1,5 чакырымдай алыстыкта) ойдуңда Ладви метро бекети орун алган.
Маданий жана спорттук жайлар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Шайтан чер токойунда» 1956-жылдан бери планетарий (чехче Hvězdárna) иштейт. Анын күзгүгө негизделген эң кубаттуу телескобу 40 сантиметр көлөмүндө).
Планетарийде илимий-жамаагаттык дарстар, жолугушуулар уюштурулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлүп турат жана ар аптада кечкурун андан жылдыздарды кароого болот.
Токойдо спорттук машыгуу жана сейил куруу үчүн тийешелүү жайлар жайгашкан.
Жөө сейилдеп басчулар, чуркоочулар жана велосипедчилер үчүн бул токойдо атайын асфалт жолдор курулган.
Адабият тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Praha: atlas města 1 : 15 000, Kartografie Praha 2007, 5. vydání, ISBN 978-80-7011-939-6.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Metroweb.cz барагындагы сүрөт
- http://www.prahazelena.cz/dablicky-haj.html Archived 2012-10-24 at the Wayback Machine
- http://www.dablickyhaj.cz/lokalita-moderni-bydleni-dablice.php Archived 2011-12-30 at the Wayback Machine
- http://www.dailymile.com/routes/838126-running-route Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine
- http://www.youtube.com/watch?v=K5DmNLBvFao
- http://www.praha.eu/jnp/cz/home/zabava/sport/bezecke_trasy/dablicky_haj.html Archived 2011-10-07 at the Wayback Machine