Лазер диагностикасы

Википедия дан

Лазер диагностикасы - плазманын негизги параметрлерин лазер нурунун жардамы менен аныктоо жолдору.

Плазманын негизги параметрине анын температурасы жана тыгыздыгы кирет. Лазер диагностикасы плазмага түшкөн жарык нурунун чачыроосуна негизделген. Плазмадан чачыраган термелүү жыштыгы белгилүү чоңдуктагы нурлар плазманын абалы жөнүндө толук маалымат берет. Бирок жарык нурдун жардамы менен плазманын абалын аныктоо үчүн диагностоочу (плазмага түшкөн) нурдун кубаттуулугу ошол жыштыктагы плазма чыгарган нурдун кубаттуулугунан бир канча эсе чоң болуш керек. Мындай мүмкүнчүлүк лазер алынгандан кийин гана пайда болду. Лазердин белгилүү бир жыштыктагы, кубаттуулугу өтө чоң болгон, бир жакка багытталган жарык нуру плазмага жиберилет. Плазмадан чагылган лазер нурунун интенсивдүүлүгүн өлчөө менен плазманын негизги параметрлери аныкталат. Көпчүлүк учурда плазманын негизги параметрлери плазма аркылуу өткөн лазер нурунун интерференциялык сүрөттөлүшү менен табылат. Лазер диагностикасынын бул ыкмасы илимде лазердик интерферометрия деп аталат. Азыркы мезгилде Лазер диагностикасы плазмалык абалды изилдөөдө кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.