Лазер плазмасы

Википедия дан

Лазер плазмасы – фокусталган курс кубаттуу лазердик нурлануунун аракети астында газды иондоштуруунун өнүгүшүнөн пайда болгон плазма.

Лазер плазмасынын температурасы ~2⋅104 К, б. а. төмөнкү температуралуу плазма болот. Жыштыктын оптикалык диапазонуна таандык энергияны мейкиндик аркылуу берүүдө Лазер плазмасынын иш жүзүндө колдонулушу келечектүү. Аны оптикалык разрядды чектөөгө жана туруктуу чоң жарык булагы катары пайдаланууга болот; туруктуу чектелген разряд аркылуу газды үйлөтүп, плазманын үзгүлтүксүз агымы алынат. Мындай түзүлүш кадимки жаалык жана жогорку жыштыктагы плазматрондордон артыкча айырмаланган оптикалык плазматрон болот. Кубаттуу лазердин фокусталган нурлары менен катуу бутаны же кысылган газды нурлантканда термоядролук реакциясы жүрүүчү жогорку температурадагы (~107 К) тыгыз плазма пайда болот. Мындай Лазер плазмасы башкарылуучу термоядролук синтездин проблемаларын чечет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]