Лазер спектроскопиясы
Лазер спектроскопиясы – лазер шооласын колдонууга негизделген оптикалык спектроскопиянын бөлүгү.
Лазер спектроскопиясы өтө кубаттуу электр-магниттик энергиясы м-н, жогорку монохроматтуулугу, убакыт жана мейкиндиктик когеренттүүлүгү менен айырмаланат. Ошон-дуктан чоң энергия ичке багытта тарайт. Лазер спектроскопиясы эң ичке спектрдик багытты ээлеп, толкун узундугунун жыштыгы менен мүнөздөлөт. Лазер спектроскопиясынын жогорку монохроматтуулугу атмосфераны изилдөөдө, спектроскопияда, фотолюминесценция жана фотоэффект кубулуштарын изилдөөдө, жыштыктын эталондорун түзүүдө, химиялык реакцияларды башкарууда колдонулат. Лазер спектроскопиясынын мейкиндиктик когеренттүүлүгү аны өтө ичке багытта таратып, эң кичине аянтчага фокустоо менен лазерди ширетүүдө, эритүүдө, кесүүдө жана заттарды буулантууда колдонулат. Спектроскопияда лазердин колдонулушу көрүнүүчү диапазондогу кубаттуу лазердин түзүлүшүнөн башталган. Жыштыгы өзгөрмө лазер шооласы спектр сызыкчаларын так өлчөөгө, алардын ичкеришин изилдөөгө, спектрдик аспаптардын аппараттык функциясын эске алууга мүмкүндүк берет. Лазердик нурланууну фокусташтырып, аз өлчөмдүү заттын курамын аныктоого болот. Изилденүүчү зат Лазер спектроскопиясы менен буулантылгандан кийин, аны кошумча дүүлүктүрүү башка энергия булагы менен ишке ашат. Спектрлерди каттоо спектрограф же квантомерлердин жардамы менен жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0