Лайфхак

Википедия дан

Лайфхак (англ. life hack) – күнүмдүк жашоого керек болгон, пайдалуу кеӊеш дегенди түшүндүргөн заманбап сөз. Англис тилинин «life» (жашоо) жана «hack» (ачуу, бузуу) деген сөздөрүнөн келип чыккан. «Жашоону ачуу» деген маанини берет. Сөзүбүз толук болушу үчүн бир мисал айта кетели. Эгер спорттук сумкаӊыз жагымсыз жыттанып калса, ага бир нече чай пакеттерин салып койсоӊуз, ал жыт жоголот. Мына ушул кыска, бирок пайдалуу кеӊеш лайфхак. Маалым болгондой, лайфхак сөзү IT-адистеринин лексиконунан алынган экен. Бул сөздү эӊ биринчилерден болуп британиялык журналист Дэнни О’Брайэн 2004-жылы пайдалана баштаган дешет. 2006-жылы диалектилерди изилдөөчү америкалык бирикме лайфхак сөзүн эӊ керектүү сөз деп тапкан.