Лакайлар

Википедия дан

Лакайлар — чыгыш теги жагынан кыргыздар менен тектеш, этногенетикалык, этномаданий жактан башаты жалпылаш калк. Илимий адабияттарда «өзбек-лакайлар» деген ат менен да белгилүү. Белгилей кетчү маселе, Тажикстандагы акыркы эл каттоолордо лакайлар «өзбек» деген кошумча, таңууланган жасалма аттан баш тартышты деген маалыматтар бар. Чындыгында эле, мындай мисалдар орто азиялык түрктөргө, карлуктарга, барластарга, каракалпактарга, отурукташкан кыпчактарга, курамаларга, иран тилдүү жана башка ушундай сыяктуу этнографиялык топторго да мүнөздүү көрүнүш.

Лакайлар деген ат менен белгилүү болгон бул этностук топ орто кылымдардан Тажикстандын, Өзбекстандын түштүк тарабындагы, ал эми айрым топтору Афганистандын түндүгүндөгү чек арага жамаатташ аймактарды байырлап келишет. Лакайлар боюнча илимий адабияттарда Н.А.Аристов, И.П.Магидович, Н.Г.Маллицкий, Д.К. Писарчик, Бурхан-уд-Дин хан-и Кушкеки, Ф.И.Льютко, Д.Н.Логофет, А.Панков, А..Борис, А.П.Хорошкин, Н.И.Гродеков, В.В.Бартольд, совет доорундагы көрүнүктүү тарыхчылар М.Е.Массон, Б.Х.Кармышева, К.Ш.Шаниязов, жана башкалар тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдү эскере кетүү абзел. Айрым статистикалык маалыматтар боюнча лакайлардын жалпы саны жүз миң чамалуу. Лакайлар жердин аталышына байланыштуу келип чыккан эки ири топко бөлүнүшөт: хисари лакай жана кулоби лакай. Гиссардык лакайлар эсенкожо жана бадраклы, ал эми кулоби (куляби, балжуан) лакайлар «байрем» жана «төрт уул» деген ири уруулук топторго бөлүнүшөт. Бул этностук топ боюнча этнограф А.Х.Кармышева бир катар иликтөөлөрдү жүргүзүп келди. Лакайлар жашаган аймактагы маданий-этностук чөйрөгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ушул эле аймакты мекендешкен коңурат, катаган, карлук, дүрмөн, барлас, түрк жана башкалар чыгыш тектери азыркы мезгилге чейин илимий тастыктоону талап кылып келет. Лакайлардын теги жана алардын бул аймакты байырлап калышы жөнүндө илим чөйрөлөрүндө жалпы, ары бирдей көз караштар жок. Айрым изилдөөчүлөр (И1.П.Магидович) лакайларды араб жеңип алууларынын мезгилинде карлуктар менен бирге келишкен дешсе, кээ бирлери Шейбани хандын жетекчилиги астында журт которушуп келген көчмөн-өзбектердин бир бөлүгү катары карашат (А.Борис, Д.Н.Логофет, А.Панков). Айрымдары, 13-к. Чыңгыз хандын көчмөн ордолору менен чогуу журт которушкандыгын, бул эл болсо Лакай аттуу аскер башчысынан тараарын белгилешет. М.Е.Массон карлуктар 8-к. эле лакайлар менен кошуна турушкан деген пикир айтат. Арийне, бул көз караш тактоолорго муктаж. И.П.Магидович өз иликтөөсүндө лакайлардын этнонимиясынын казактар менен айрым параллелдүүлүктөрүнө таянып, лакайларды байыркы түрк тилдүү аргындардын бир бөлүгү деген тыянакка келет. Бул көз карашка да аяр мамиле жасоо зарылдыгын белгилегибиз келет. Б.Х.Кармышева «История народов Узбекистана» аттуу коллективдүү эмгектин авторлоруна өзүнүн пикирлеш эместигин билдирет. Андыктан, эмгектин авторлору лакайларды уйгур, түркмөн, түрк, карлуктар менен катар аталган аймактын түптүү (автохтондуу) элдери катары карашат. Автор эмгектеги илимден алыс турган божомолдоолорду кескин сынга алган. Мындан сырткары изилдөөчүлөр лакайлардын карлуктардан, «көчмөн-өзбектер» деп аталган семиз, кесамир, муса базари, дүрмөн, барластардын тили материалдык маданияты, кала берсе антропологиялык (лакайларда монголоиддик тип басымдуулук кылат) жактан өзгөчөлөнүп турарын белгилешет. Аталган этностук топ (лакайлар) тоолуу аймактарды байыр алышкандыктардан улам, жашоо-тиричилигинде каада-салттарында, чарба жүргүзүүнүн ыкмаларында көчмөндөргө гана мүнөздүү болгон салттуу маданиятты сактап калган.

Б.Х.Кармышева лакайларды кыргыз, казак, өзбек, тува, хакас, алтай жана башка түрк тилдүү элдер менен этностук байланыштарын этнонимиялык параллелдүүлүктөрдүн негизинде сыпаттап чыккан. Автор бул этностук топтун карлук, казак, батыш сибирдик элдер, өзгөчө казактар менен (орто жүз казактары) жакын экендигин көрсөтөт. Албетте, автордун айрым көз караштарын колдоо менен бирге, лакайлардын казак, каракалпак, дүрмөн жана башка этносторго салыштырмалуу кыргыздар менен теги өтө жакын экендигине ынандык. «Лакай» макроэтнониминин жалгыз параллели кыргыздын мундуз уруусунун курамында гана чагылдырылат. Бул урук курамына кирген мундуз уруусу кыргыздын эң байыркы урууларынын бири катары эсептелет жана анын параллели бүгүнкү алтайлыктардын (алтай кижилер) курамында сакталып келет. Маселен, лакайлардын курамындагы уруу-урук аталыштарынын параллелдери Түштүк Сибирдин шорлор, хакастар жашаган аймакта (Хакасия) Мрас-Су (Мраз этноними), Кыргызстанда Нарын (дарыя, шаардын, аймактын аталышы), Кутурган (Сузак жана Өзгөн райондорундагы айыл аттары), Самаркандек (Баткен жергесиндеги айыл) жана башка ушундай сыяктуу жер-суу аталыштары кирет. Маселен, кыргыздар 19-к. биринчи жарымында Чыгыш Памирден тышкары, анын батыш районундагы Балжуан, Нуратин бектиктеринде да жашаган. 19-к. экинчи жарымынан тартып кыргыздар Коргонтөбө бектигинде да отурукташууга өтүшкөн. Бул фактылар кыргыздардын лакайлар менен этностук алакалары 19-20-кк. да үзгүлтүксүз улангандыгын чагылдырары бышык. Иликтөөлөрүбүздө кыргыз-лакай уруу (урук) аталыштарында түз этногенетикалык байланыштарды тастыктаган алтымыштан ашуун параллеледер такталды. Мындан сырткары, илимпоздор берген маалыматтарга караганда, түздүктөгү тажиктер (Душанбе жана башка аймактар) лакайларды бүгүнкү күндө да «кыргыздар» деп аташары маалым. Этнонимиялык параллелдер капысынан эле пайда болуусу мүмкүн эмес. Мисалы, лакай (мундуз) = лакай, кармыш (кыпчак) = кармыш, күнтуу (солто) = күнтүү, чолок туума (моңолдор) кара туума, сакоо (кыпчак) = сакау, жедигер (кыргыздын оң канатындагы ири уруу) = жедигер, ак баш (мун- ду3) = ак баш, каллар (кесек) = каллар, чоро (саяк, баргы) = чоро, кара чоро (геноним) = ак чоро, тентек найман (найман) = тентек, карача (мундуз) = карача, төрт уул (чекир саяк) = төрт уул, беш бала (багыш) = беш уул, казак (солто) = казак, досой (солто) = дусой, азоо (черик) = азау, кечек (кесек) = күчөк, сары (оргу) = сары, беш көрүк (солто) = беш көрүк, коңурат = коңурат, жоо чалыш (солто) = жоо качты, оторчу (саруу) = утарчы жана башкалар. Белгилей кетчү маселе, оторчулар же утарчылар (тарыхый булактарда - утарчылар) Моголистандагы ири уруулук бирикмелерден болгон. Бабурдун мезгилинде оторчулардан чыккан Султан Акмат Тамбал Ош шаарынын акими болуп турган. С.С.Губаева бул уруунун бир бөлүгүнүн Бабур менен кошо жер которуп кеткендигин белгилейт. Аталган этностук аталыш кыргыздардын жана лакайлардын гана курамдарынан учурайт. Төөчү (кара багыш) = туячи, мырзакул (жору) = мырзагул, алтымыш түтүн = алтымыш, кочкор (баргы) = бай кочкор, алтыбай (баргы) = алтыбай, чапан тума (багыш) = кара тума, көк шыйрак (бөрү) = кара сыйрак, келдибек (жору) = келдибек, малай (мундуз) = малай, парча (кыпчак) = парча, теке жунус (багыш) = жунус, куртка мерген (саяк) = кетте мерген, кара мерген (басыз) = кичи мерген, буйга (дөөлөс, каңды) = буйра, кара гул (дөөлөс) = кара гул, көк чанак (оргу) кара чанак), нооруз (тейит, жедигер) = наурыз, жолболду (кушчу) = жол болду, кан союл (мундуз) = кангур, кара саадак (дөөлөс, найман) = кырк саадак, буралар (каңды) = буранай, кудайберди (басыз) = худай берди, дөбөт (баргы) = ак дөбөт, бай төбөт (саяк) = кара дөбөт, үч урук (моңолдор) = үч уул, сүйүндүк (басыз) = суйундук, чал (чекир саяк) = чал, катаган (адигине, чекир саяк) = катаган жана башкалар. Уруу- урук аталыштарында гана эмес, этнонимдердин лексикалык курулушундагы өтө жакындыктар кыргыз уруулары менен лакайлардын этностук-маданий бир чөйрөдөгү алакаларын ырастайт.

Б.Х.Кармышева да лакайлардын тилинде, этностук маданиятында кыпчак (Дешт и-Кыпчак түрк уруулары) элементтеринин басымдуу экендиги жөнүндөгү көз карашын айткан. Лакайлар кошуна байырлашкан этностук топтордон тили, материалдык маданияты, чарба жүргүзүүнүн тиби, ыкмалары боюнча катагандарга жакын турушат. Санжыра маалыматтары боюнча лакайлар өздөрүн катагандардаы бөлүнүп чыккан уруу катары эсептешет. Чындыгында эле, лакайларды өтө ынтаа коюп изилдеген этнограф Б.Х.Кармышеванын белгилөөсүндө, Дешт и-Кыпчактан келген башка «көчмөн өзбектерге» салыштырмалуу лакайлар тили, антропологиялык тиби, жашоо образы жагынан катагандарга өтө жакын Ал эми түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз тили түштүк алтайлыктардын тили менен бирге өзгөчөлөнгөн кыргыз-кыпчак тобуна кирери маалым. Муну кыргыздар менен лакайлардын тилине орто кылымдардагы «ногайлы» деп аталган доордун тийгизген таасири катары караса болот. С.М.Абрамзондун «ногайлы» доорундагы кыргыздардын этностук тарыхындагы казак, ногой, каракалпак этнокомпоненттеринин ролун аныктаган көз карашына токтолуп кеткенибиз абзел. Б.Кебекова өз иликтөөлөрүндө бул маселеге кайрылып өтөт. Өз учурунда Б.Х.Кармышева бүгүнкү лакайлардын курамында монгол этнокомпоненттери да арбын экендигин сыпаттаган көз карашын айтат. Бирок лакайлардын этностук курамына карата иликтөөлөрдө монгол этнокомпоненттери байкалган жок. Арийне, негизги максат лакайлардын бүгүнкү байырлаган аймакка журт которгон мезгилин, кайсыл этностук чөйрөдөн бөлүнүп чыккандыгын тактоодо турат. Белгилей кетчү маселе, Г.Г.Хитенков тарабынан жыйналган лакай эн тамга белгилеринин дээрлиги (белгилүүсү 13) кыргыз урууларынын (урук- тарынын) эн тамга белгилери менен этногенетикалык жалпылык- тары аныкталды: кыргыз-лакай этностук жалпылыктары уруу-урук, жер-суу аталыштарында гана эмес, материалдык маданияттын үлгүлөрүндө, элдик оозеки чыгармалардын маалыматтарында да чагылдырылат. Жашоо образы, материалдык маданияттын, прикладдык искусствосунун, каада-салттын айрым үлгүлөрү Дешт и- Кыпчактын көчмөндөрүнө генетикалык жактан окшош. Мисалы, лакай кыз-келиндери кошуна урууларга өздөрүнүн чеберчиликтери, узчулук өнөрлөрү аркылуу даңкталышкан. Кошуна байырлаган Орто Азиянын түрктөрү, карлуктар, дүрмөндөр, кесамирлер жана башкалар шырдак токуп, ала кийиз жасоону билишкен эмес. Бул кол өнөрчүлүк буюмдарын, өзгөчө даңкы чыккан лакай баш кийимдери алыскы аймактарга белгилүү болгон. Ал эми лакай орнаменттеринин (шырдак, ала кийиз, килем жана башка жасалгалар) үлгүлөрү теги жагынан кыргыз, казак, каракалпак, түркмөн орнаменттерине генетикалык жакындыгы маалым. Лакайларда патриархалдык-уруулук коомдук түзүлүштүн белгилери ички жана сырткы маданий- этностук таасирлерден улам жоюлуп бараткандыгына карабастан, анын эзелки көп элементтери бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет Маселен, Лакай аймагында Совет бийлиги орногонго чейин уруу башчылары кыргыздардай эле «бий» деп аталышчу. Үй тиричилигиндеги көп элементтерде да кыргыздар менен тектеш этногенетикалык жалпылыктар кездешет. Боз үйдүн канаты «көзөнөк» деп аталып, сегиз бөлүктөн турат. Уук, кереге, айланма чий, кадимкисиндей эле боз үйдүн ичиндеги сыйлуу орун «төр», оң жак капталы - аялдар (эпчи жак), ал эми сол капталы - чарба шаймандары туруучу бөлүгүн эркектер канаты катары билишет. Тамак-аштарынын аталыштарында жана аны даярдоонун ыкмаларында да өтө окшоштуктар бар экендиги кымыз, арпа көжө, кан шорпо, куурма шорпо, умач, кескен аш, буламык, сүт же ак, сүзмө, курут, жупка жана башка ушундай сыяктуу тамак-аштарды даярдоо жана даана көрүнөт. Чаростук топтордон айырмаланышып, өзгөчө жылкыга, бир аздап кой, кара малга маани беришет. Лакай жылкысынын породасы монгол типтүү жылкыларга окшош. Алардын түскө карай аталышы: кара, ак-боз, тору, кара тору, кула, буру жана башкалар. Элдик оозеки чыгармалардын маалыматтары да этностук маанидеги маалымат бере алаары шексиз. Кыргызтаануучуларды өтө таң калтырган маалымат болмуштуу Толубай сынчы жана кыргыз элинин таралышы жөнүндөгү мифологиялык уламыштын аналогунун бүгүнкү лакай уламыштарында чагылдырылгандыгы. Анткени кыргыз уламыштарындагы маалыматтар (Толубай сынчы, Кырк кыз тууралуу уламыш-санжыралар, лакайларда бир тизмектеги болмуштар катары баяндалат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]