Лаконизм

Википедия дан

Лаконизм (гр.— кыскалык, тактык) — көркөм адабиятта ойду кыска, так берүү. Бул термин кыска, так деген мааниде бардык эле көрүнүшкө мүнөздүү. Айрыкча элдик учкул сөздөр, туруктуу сөз айкалыштарында лаконизм даана көрүнөт. Ал эми адабий чыгармачылыкта идеялык мазмундун так, кыска, үнөмдүү ачылышы лаконизмге жатат. Бул касиет кыргыз жазуучуларынан Ч. Айтматов, А. Осмоновго көбүрөөк мүнөздүү десе болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]