Лактамдар

Википедия дан

Лактамдар — мол-лары шакекчесинде -СО-NН-топтору бар амин-карбон к-таларынын ички циклдүү амиддери:

Л. пайда кылган аминкарбон к-талар типтерине жараша b-, g-, d- жана башка болуп айырмаланат. Алар негизинен аминкарбон к-талар .же алардын туздарын, о. эле галогендүү же оксикарбон к-талары амиддерин циклдөө менен алынат. Л. алкилдөө, галогендөө реакцияларына жеңил кирип, анда циклдери сакталат. Ал эми гидролиз, аммонолиз. жана полимерлөө реакцияларында лактамдык шакекчелер -СО-NН- байланыштарынан ачылат. Лактамдык шакекчелер туруктуулугу аларды түзгөн шакекче санына жана андагы атом топторуна жараша болот. 5-6 шакекчелүү Л. башкаларга салыштырмалуу туруктуу келет. Шакекчелери жети же андан көп атомдон турган Л. женил полимерленет. Мис., e-капролактамды полимерлөөдөн поликапроамид пайда болот. Андан капрон буласы алынат. Көпчүлүк Л. биол. активдүү касиетке ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]