Лакхнау

Википедия дан
Лакхнау.

ЛакхнауИндиянын түндүгүндөгү шаар. Инди-Ганг түздүгүндө, Гомати дарыясынын (Гангдын сол куймасы) өрөөнүндө жайгашкан. Уттар-Прадеш штатынын административдик борбору (1947-жылдан). Калкы 2,8 млн (2010). Маанилүү жолдор тоому (Дели–Калькутта автомобиль жолу өтөт). Эл аралык аэропорту бар. 1528-ж. негизделген. Лакхнауну «Чыгыштын алтын шаары» (архитектуралык курулуштарында алтын колдонулгандыгы жана уникалдуу зер буюмдары үчүн) деп аташат. «Бара Имамбара» шейиттер үчүн ыйык комплекс (1783– 84; анын ичинде мечит), «Руми Дарваза» (же «Түрк Дарбазасы», 1784), саат мунарасы, Ыйык Иосиф собору сакталган. Текстиль, кагаз, металл иштетүү, булгаары–бут кийим, тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Индиянын илимий, маданий, медициналык жана биологиялык ири борбору. ИИИлер, университеттер, коллеждер, музейлер бар. Жыл сайын февралда музыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7