Лама Доржу

Википедия дан

Лама Доржу Эрдене-Лама-Батур-хунтайши (1726–53) – калмак (ойрот) ханы (1750–53), Калдаң Серең хандын тун уулу. Күң аялынан туулуп, эреже боюнча такка отурууга укугу болбогондуктан, Калдаң Серең өлгөндө (1745) бийлик Лама Доржунун иниси Цеван Доржуга (Ажа хан) тийген (1745–50). Лама Доржу 1742-ж. жазында Сары Манжы нойон баштаган калмактардын күчү менен Ташкент шаарын каратып, Кокон, Касан шаарын курчоого алган, бирок кокондуктар менен кыргыздардын биргелешкен колунан жеңилип, артка чегинген. 1750-ж. Лама Доржу кайрадан Ташкент шаарын басып алууга аракеттенген. Бул учурда Жуңгар хандыгында төңкөрүш болуп, Цеван Доржунун көзү оюлуп, сүргүнгө айдалгандыктан, Л. Д. Жуңгарияга шашылыш кайтып, Эрдене Баатыр деген ат менен өзүн хан жарыялаган. Бирок калмактар аны хан катары тааныган эмес. Аталаш туугандары (Дабачы, Амурсана) жана айрым нойондор ага каршы чыгышкан. Мындай абал Жуңгар хандыгынын алсырашына түрткү болгон. Дабачы 1753-ж. январда Лама Доржуга капысынан кол салып өлтүрүп, такка өзү отурган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7