Лама кадимки

Википедия дан
Лама (жаныбар)‎»‎ барагынан багытталды)
Лама

Лама кадимки (лат. Lama glama) – төөлөр тукумундагы ача туяктуулар түру. Лама кадимки төөдөн кичине жана өркөчү жок. Бийиктиги 140 см, салмагы 80–110 кг. Жүнү ичке, узун. Өңү ак, күрөң кызгылтым жана кара, кээси чаар. Көбүнчө жалкы, кээде эгиз тайлак (11 ай көтөрүп) тууйт. Түштүк Американын бөксө тоолоруна таралган. Ламанын 2 түрү – гуанако жана викунья бар, экөө тең бакмалаштырылган. Жапайы лама бакмасы менен аргындаштырылып, тукумчул ламалар чыгарылган. Украинада «Аскания-Нова» коругунда асыралат. Перу, Боливияда күч унаа катары пайдаланылат. Жүнүнөн ар кандай калың кездеме токулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7