Ландшафт экологиясы

Википедия дан

Ландшафт экологиясы – географиялык жана экологиялык көз караш боюнча экосистемадагы комплекстүү өз ара мамилелешүү жөнүндөгү илим. Термин немис географы К. Тролль (1939) тарабынан белгилүү, экотоптогу же экосистемадагы мейкиндикте болгон табигый кубулушту белгилөө үчүн киргизилген. Ландшафт экологиясынын изилдөө объектиси болуп локалдык, аймактык, зоналык жана аалам экосистемасы, алардын структурасы жана динамикасы, бүгүнкү күндөгү өзгөрүүсү жана өнүгүү болжолу эсептелет. Бул илим математикалык, физикалык, маалыматтык, дистанциялык жана башка жаңы ыкмаларды кеңири колдонулат. Изилдөөнүн натыйжасы ааламдык экологиялык проблемаларды чечүүдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7