Ланцетниктер

Википедия дан
Амфиокс (Branchiostoma lanceolatum).

Ланцетниктер (лат. Branchiostoma же Amphioxus) – жаныбарлардын баш сөөксүздөр классынын уруусу. Узундугу 8 смге жетет. Сүзгүч канаты бара-бара куйругуна өтөт. Дене формасы ланцет (наштар) сыяктуу, тунук, хордасы алдыңкы бөлүгүнө кирип турат. 7 түрү бар. Алар – омурткасыздар менен омурткалуулардын ортосундагы эң жөнөкөй хордалуу жандыктар. Хордасы өмүр бою сакталат, бакалоору менен дем алат. Борбордук нерв системасы жөнөкөй түзүлүштө, жүрөгү жок. Булчуңдары сегментке бөлүнөт. Айрым жыныстуу. Мелүүн жана жылуу деңиздерде 10– 30 м тереңдикте жашап, кумга денесинин алдыңкы бөлүгүн чыгарып, көмүлүп жатат, планктон менен азыктанат. Сыртта уруктанат. Жумурткасы сууда өөрчүйт, личинкасы сууда эркин сүзүп жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7