Лаос тили

Википедия дан
Лаос тили (лаотян)‎»‎ барагынан багытталды)
Лаос тили.

Лаос тили (лаотян) – лаолордун тили, Лаостун расмий тили. Лаоско, Тайланддын түндүк- чыгышына, Кытайдын түштүк-чыгышына жана Камбожага тараган. Тайланддын түндүк-чыгышында «лао-исан» же «тай-исан» деп да аталат. Бул тилде 12 млндон ашык киши сүйлөйт (2010). Кытай-тибет тил уясынын тай тобуна кирет. Бир нече диалектилерге бөлүнөт. Лаос тили обочолонмо тилдерден, сүйлөмдө сөздөрдүн орун тартиби туруктуу жана аналитикалык жол менен байланышат. Лаос тилинин Лаос аймагындагы алгачкы жазмалары 13-кылымга таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7