Лариса шаары

Википедия дан
Лариса.

Лариса шаарыГрекиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Фессалия перифериясынын жана Лариса номунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Фессалия түздүгүндө жайгашкан. Калкы 135,3 миң (2010). Жолдор тоому. Темир жол бекети.

Биздин заманга чейин 6-кылымдан Фессалиядагы ири шаар. Ларисанын эски кварталдарында антик дооруна таандык театрдын калдыктары (биздин заманга чейин 3-к.), Ыйык Ахилия базиликасы, паркы, собору, епископтордун ак сарайы, «бедестен» (түрктөрдүн үстү жабык базары; 15-кылымдын аягы –16-кылымдын башы), Байракли мечитинин калдыктары жана башка сакталган. Шаардын экономикасынын негизин айыл чарба продуктуларын белендөө түзөт. Жашылча-жемиш жана консерва, тамак-аш (кант, эт, сүт), өнөр жайдын ар кандай тармактары үчүн роботторду чыгаруу өндүрүшү, текстиль, тигүү фабрикакалары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7