Латакия шаары

Википедия дан
Латакия.

Латакия шаарыСириянын чыгышындагы шаар. Латакия мухафазасынын административдик борбору. Өлкөнүн Жер Ортолук деңиз жээгиндеги ири порту. Калкы 371,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар.

Шаар болжол менен биздин заманга чейин 358–281-ж. негизделген. Түндүк Сириядагы эң ири соода борборлордун бири. Биздин замандын 494- жана 555-ж. жер титирөөдөн талкаланып, кайрадан курулган. Селевкиддер мезгилиндеги курулуштардын издери, салтанат капкасы, театр, коринф колоннадалары (Бахус), маяктуу порт курулуштары, Ыйык Бийкеч (18-кылым), Ыйык Николай (17–18-кылым) византия чиркөөлөрү, мунара (14-кылым), Аль-Кабир жана АльЖадид (18-кылым) мечиттери сакталган. Заманбап курулуштары: Деңиз изилдөө борбору (1980), Наисса мечити (1989), спорт комплекси (1987), университет, музей (карапа жана айнек буюмдар коюлган) бар. Тамак-аш (суу май, ун), тамеки, булгаары, пахта тазалоочу өнөр жай ишканалары иштейт. Накта жибек кездемелер чыгарылат. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Латакиянын айланасында Угарит шаарынын урандылары бар. Калъат-Салах-эдДин чеби (Сайун; 10-кылым, 12–13-кылым) византия мезгилиндеги курулуштун фрагменттери жана араб мечиттери мунаралары менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7