Латын империясы
Латын империясы – кресттүүлөрдүн мамлекети (1204–61). 4-крест жортуулунун катышуучулары Византия аймагын басып алып негиздеген. Ага Балкан жарым арал, Кичи Азиянын түндүк-батышы, Фессалоника королдугу, Ахей княздыгы, Афины герцогдугу, Эгей жана Ионика деңиздеринин аралдары кирип, борбору Константинополь шаары болгон. Бул жерлерди кресттүүлөрдүн башчылары, катардагы рыцарлар жана башка бөлүп алышкан. Латын империясынын 1/4бөлүгүн император ээлеген. Мамлекеттик түзүлүшү феодалдык монархия болгон. Императордун бийлиги венециялык сеньорлор кеңеши менен чектелген. Латын империясында византиялык салык системасы сакталып калган. Саясий түзүлүшү «Романия ассиздери» менен бекитилген. Башкаруу системасы феодалдык иерархия принцибинде түзүлгөн жана византиялык (грек) ак сөөктөргө өзгөчө укук берилип, менчиктин түрү сакталган. Грек дыйкандары жерге бекитилип, жаңы салык түрү – баналитет киргизилген. Соода жана өнөр жайга венециялыктар үстөмдүк кылып, грек кол өнөрчүлүгү төмөндөгөн. Латын империясында грек жана латын маданияты бири бирине жуурулуша албай, латын феодалдары менен жергиликтүү калктын ортосунда карама-каршылыктар пайда болгон. Латын феодалдарынын ортосундагы ички карама-каршылыктар, жергиликтүү калктын кресттүүлөргө кастыгы, гректердин саясий-экономикалык жана диний жактан укуксуздугу, византиялык салык системасынын оор түрү Латын империясынын абалын начарлаткан. 1225–36-ж. болгар жана никей аскерлеринен талкаланган Латын империясы Кичи Азия жана Балкандагы ээликтеринен ажыраган. 1261-ж. 25- июлда Никей империясынын Константинополду алышы менен Латын империясы кулаган.4
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7