Латыш тили

Википедия дан

Латыш тилилатыштардын тили. Негизинен Латыш Республикасында жашаган элдер сүйлөйт. Индевропа тилдеринин балтика тобуна кирет. Латыш тили – ортонку латыш, ливон, жогорку латыш деп 3 диалектиге бөлүнөт. Адабий тили ортонку латыш диалектисинин негизинде калыптанган. Латыш тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: басым сөздүн биринчи муунуна түшөт; жак жана жөндөмө системасы ар түрдүү; дифтонгдору жоюлган, сөз мүчөлөрүндөгү созулмалар кыскарып калган. Жазмасы 16-кылымдан латын алфавитинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7